Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:44

Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр үчүн убакыт аяктап бара жатат


Ирандын өзөктүк программасына байланышкан кризисти чечүү үчүн дипломатияны колдонуу аракетинин убакытысы аяктап бара жатканын бүгүн АКШ президенти Барак Обама билдирди. Обама бул тууралуу бүгүн Сингапурда орус президенти Дмитрий Медведев менен жолуккан соң айтты. Ал эми орус президенти Иран менен сүйлөшүүлөрдүн ыргагына анын өлкөсү да нааразы экенин белгиледи. Дмитрий Медведевдин айтымында, эгер сүйлөшүүлөр натыйжа бербесе, анда башка чаралар колдонулат.

Бул аралыкта Иран парламентинин улуттук коопсуздук боюнча комитетинин башчысы Алладин Боружерди эгер Орусия ракетадан коргонуу боюнча убада кылынган S-300 системаларын бербесе, Тегеран жакын арада андайды өз чыгара аларын билдирди. Иранды абадан коргонуу боюнча жогорку класстагы ракеталар менен камсыздоо сунушун Москва аткара элек.

XS
SM
MD
LG