Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:02

Тажикстанда бийликтеги партия шайлоону токтото туруу сунушун четке какты


Келерки жылдын февралына белгилеген парламенттик шайлоону апрель айына жылдырууну оппозициядагы Социал-демократтар партиясынын лидери Рахматулла Зоиров сунуш кылган эле. Ал кычыраган кышта шайлоо өткөрүүгө тоскоолдук кылган жагдайлар катары күндүн сууктугун жана электр кубатынын тартыштыгын атаган. Бирок “Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун тажик кызматы кабарлагандай, бийликтеги Элдик –демократиялык партия мындай сунушту четке какты. Аталган партиянын Душанбе шаардык бөлүмүнүн башчысы Мусо Асозада белгилегендей, кээ бир партиялар шайлоого даяр эместигин башка көйгөйлөргө шылтоо аркылуу жашырууга аракеттенип жатат. Шайлоо мөөнөтүн которуу жөнүндөгү сунушту оппозициячыл маанайдагы Ислам кайра жаралуу партиясы колдосо, коммунисттер жана Борбордук шайлоо комиссиясы каршы чыкты.

XS
SM
MD
LG