Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:48

Обама менен Медведев Иранга эскертүү жасашты


АКШнын президенти Барак Обама Ирандын ядролук программасын дипломатиялык жолдор менен чечүүнүн убактысы бүтүп баратканын билдирди. Обама кечээ Сингапурда орус президенти Дмитрий Медведев менен сүйлөшкөндөн кийин сүйлөдү. Медведев өз кезегинде Иран менен сүйлөшүүнүн жай өтүп жатканына Кремл ыраазы эмес экендигин белгилеп, талкуудан тийиштүү жыйынтык чыкпаса, башка чаралар колдонулушу мүмкүн деди. Анын аралыгында, Иран парламентинин улуттук коопсуздук комитетинин жетекчиси Алаедин БоруЖерди эгер Орусия убада кылган Эс-300 системасын бербесе, Иран ракетадан коргонуунун өзүнүн алдыңкы системасын жасап чыгара тургандыгын маалымдады.

XS
SM
MD
LG