Парламенттин маалымат кызматы тараткан кабарга караганда салтанат 20-ноябрда Улуттук филармонияда президент Курманбек Бакиевдин катышуусунда өтөт. Ага эгемен Кыргызстандын парламентинин беш жолку чакырылышынын депутаттары чакырылууда. Бул күндөрү уюштуруу комитети парламенттин бардык жылдардагы мүчөлөрүн издеп табуу жана чакыруу кагаздарын таратуу иштери менен алектенүүдө.
Мурда таратылган маалыматка караганда салтанат учурунда конокторго атайын тартылган жаңы кинотасма көрсөтүлүп, парламенттин тарыхы жөнүндөгү китеп таратылат. Салтанатка миңге жакын коноктор чакырылгандыгы айтылууда. (BuS)