Мурдагы Коргоо министри Исмаил Исаков баштаган аскер кызматкерлеринин соттук териштирүүлөрү бүгүн уланат. Бул күнү экс-министр Исмаил Исаков жана Курал-жарак, техника боюнча башкармалыктын башчысы Таалай Сатыбалдиев көрсөтмө берет деп күтүлүүдө.
13-ноябрдагы отурумда Балыкчы аскер бөлүктүн командиринин орун басары Нурдин Каимов сурак берип, анда коюлуп жаткан айыпта Исаковдун тиешеси жогун айткан. Экс-министр болсо Балыкчы аскер бөлүгүндөгү техникалык жабдууларга көзөмөл жасаган эмес деп айыпталууда. Оппозициядагы саясатчы Исаковдун айланасындагы соттук териштирүүнү Бишкек горнизондук соту бир нече айдан бери улантып келатат. (BuS)