“Манас” эл аралык аэропортунун башчысы Бакыт Сыдыковду 15-ноябрь күнү болжол менен түнкү саат 12лер чамасында кавказ улутундагы белгисиз бирөөлөр тоноп кетишкен. Алар Бакыт Сыдыковго бычак такап коркутуп, “Тойота ланд-крузер-200” автомашинасын документтери менен, 1900 доллар, 350 евро акчасын, чөнтөк телефонун жана паспортун тартып алышкан. Буларды Бишкек шаарынын алып чыгып, Чүйдүн Озерное айлынан чыга бериште Б. Сыдыковдун өзүн көчөгө таштап салып, андан ары из суутуп кетишкен, деп маалымдайт ИИМдин басма сөз кызматы.
Маалыматта айтылгандай, Б. Сыдыков денесиндеги түрдүү жаракаттары менен Улуттук госпиталга түшкөн, алгачкы медициналык иликтөөлөр анын баш сөөгү жана мээси жабыркаганын көрсөттү. Буга байланыштуу дагы эки: соттук-медициналык жана соттук-биологиялык экспертиза жүргүзүлмөкчү.
Б. Сыдыковдун арызы боюнча ИИМ ошол эле түнү саат 3тө “Кармоо” деп аталган план түзүп, 22 жерге атайын МАИ түйүндөрү коюлуп, 500дөн ашуун автоунаа текшерүүдөн өткөрүлгөн. Мындан тышкары Б. Сыдыковго таандык автоунаа тууралуу маалыматтар Чек ара жана Бажы кызматтарына жиберилди. Учурда бул ишке байланыштуу ИИМ тарабынан атайын иликтөө жүрүүдө.
Бакыт Сыдыков “Манас” эл аралык аэропортунун президенти, “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы Үсөн Сыдыковдун уулу. “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясы 23-июлдагы президенттик шайлоодо мурдагы жана азыркы президент Курманбек Бакиевдин талапкерлигин колдогон.(ZKo)