Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:48

Чочко тумоосу 41кишиге жукту


КР саламаттыкты сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык борборунун маалыматы боюнча бүгүнкү күнгө карата 41 киши чочко тумоосуна кабылганы аныкталды. Булардын ичинен экөө Ошто, бирөө Таш-Көмүрдө, бирөө Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда, калгандары Бишкекте. 41 кишинин экөө жаш балдар. Илдетке кабылгандардын көпчүлүгү дагы деле сырттан кайтып келген мигранттар болуп жатат, ошондой эле аба аркылуу жуктургандар да бар. 13-ноябрь күнү Ош шаарында 5 жашар кыз чочко тумоосуна кабылганы маалымдалган, дем алыш күндөрү Ош шаардык жугуштуу оорулар ооруканасына бул илдетке шектелген дагы бир улан келип түштү, ага карата медициналык иликтөөлөр Кара-Суу шаарындагы вирусологиялык лабараторияда жүргүзүлүүдө.

Кыргызстанда чочко тумоосунун көбөйүшү –ноябрь айынын башына туш келет. 2-ноябрда Орусиядан келген поездден чочко тумоосун жуктурган 7 киши ооруканага жаткырылган. 5-ноябрь түнү келген Новокузнецк-Бишкек каттамындагы поездден дагы эки киши бул оору менен ооруганы аныкталган. Бул аралыкта коркунучтуу илдет аба аркылуу да жуга башталганы белгилүү болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG