Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Жалал-Абадда күйүүчү май баасы чечиле элек


Облуста ушу тапта бир жарым миң тонна күйүүчү май дыйкандарга берилбей турат. Анткени анын баасы эмдигиче чечилген жок. Мамлекеттик башкаруу тармагында реформа жүргөндүнөн ал жардамды кайсы уюм тейлээри, дыйкандардан кийин аны ким жыйнап алаары азырынча бүдөмүк. Реформа башталгыча өкмөттүк күйүүчү майдын баасы 17 сом 80 тыйындан бааланган. Майдын берилбегендигинен дыйкандар дизель отунун 23- 24 сомдон жеке менчик бекеттерден сатып алууга аргасыз. Эгин айдоого өткөн апта үч күн жааган жамгыр да тоскоол болду. Расмий маалыматтарда 42340 гектар аянттын 30 пайыздан ашыгына күздүк буудай айдалып бүттү. (YA)

XS
SM
MD
LG