Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:48

Нарын губернатору алгачкы эскертүүнү оозеки билдирди

Бүгүн жаңы губернатор Тынчтыкбек Чекиев облустук алкакта жыйын өткөрүп, мекеме-уюм, ишканалардын жетекчилерин сыртка губернатордун уруксатысыз чыкпаганга оозеки буйрук берди. Райондун борборлорунда түнкүсүн электр шамы күйгүзүлүшүн талап кылды. Губернатордун жана акимдердин орун басарларын жумуштан эрте кетпөөгө тапшырма такты. Нарын облусунун 2010-жылга эл чарбасын өнүктүрүүнүн багыттары тууралуу сунуштарды тез арада иштеп чыгуу вазыйпасын тармактык жетекчилерге, акимдерге милдеттендирди.

Ал эми жыйын башталаарда губернатордун биринчи орун басары Мустафа Жумаканов тааныштырылды. Ал 1981-жылы Нарын шаарында туулган. Буга чейин депутаттардын Нарын шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп иштеп келген. (KUs)
XS
SM
MD
LG