Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Ооганстан коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жаңы топ уюштурат


Кабулдан бүгүн Ооганстандын ички иштер министри Хатиф Атмар жарыяланган маалыматка караганда, жаңы топ Ооганстандын Башкы прокуратурасынын кармагында болот жана ал бөлүмдүн тергөөчүлөрү Евробиримдиктин Ооганстандагы полиция миссиясы, Британия, АКШнын адистери тарабынан машыктырылат. Жаңы уюштурулуучу топтун милдети - жогорку даражалуу расмий өкүлдөр аралашкан коррупциялк иштерди иликтөө. Ооган президенти Хамид Карзай жакында мамлекет башчылыгына кайра шайланганы ырасталгандан бери эл аралык коомчулук тарабынан коррупцияга каршы чечкиндүү чара көрүүсү үчүн катуу кысымга алынууда. Бул аралыкта Ооганстандагы кырдаалды Брюсселдеги бүгүнкү жана эртеңки жыйындарында Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү талкуулап жатат. Биримдиктин тышкы байланыштар боюнча комиссары Бенита Ферреро –Вальднердин айтымында, алар Ооганстандын жаңы өкмөтү жалпы өлкө боюнча башкаруунун сапатын жакшыртат, коррупцияга жана жазасыздыкка каршы күрөшөт деп күтөт.

XS
SM
MD
LG