Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:16

Азык-түлүк саммити БУУнун сунушун четке какты


Жүз миллиондогон адамдарды ачарчылыктан куткарууну көздөгөн жыйын Италиянын ордо шаары Римде өтүп жатат. Анын ачылышында БУУнун Башкы катчысы Бан Ги Мун «Климаттын өзгөрүшү боюнча келерки айда Копенгагенде өтө турган жыйында келишимге жетүү дүйнөлүк ачарчылык менен күрөштө чечүүчү мааниге ээ» деп баса белгиледи. Бирок Рим саммити башталгандан үч саат өтө электе 60 чакты өлкөнүн башчылары жана дагы ондогон министрлер жакыр өлкөлөрдүн айыл-чарбасын өнүктүрүүгө жылыга 44 миллиард доллар бөлүү жөнүндөгү БУУнун сунушун четке кагышты. Ошондой эле саммиттин Корутунду декларациясынан 2025-жылга чейин ачарчылыкты жоюу тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун сунушу да алынып салынды.

XS
SM
MD
LG