Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:59

Б. Бешимов: “Ханзада” долбоору ишке кирди


Социал-демократтар партиясынын төрага орун басары Бакыт Бешимов Кыргыз Республикасынын президенти К.Бакиев баласы Максимди өзүнүн ордуна даярдоо менен өлкөнү орто кылымга сүйрөй баштады, деп эсептейт. Муну менен, - деп улайт андан ары Б.Бешимов, - К.Бакиев Кыргызстанда "ханзада" долбоорун ийгилик менен ишке ашырып жатат. Мамлекет башчынын акыркы бул кадамдарына өлкөдөгү мыйзамдуулукту коргой турган Парламент, Конституциялык Сот жана Жогорку Сот сыяктуу мамлекеттик институттардын бирөө да унчукпаганынан пайдаланып, Кыргызстан - укуктук мамлекет идеясын талкалоону андан-ары улантып жатат, деп билдирди Б.Бешимов “Азаттыкка” берген интервьюсунда. Анын белгилөөсү боюнча К.Бакиев 23-июлдагы президенттик шайлоодон кийин коомчулуктун пикири менен такыр эсептешпей калды. Ал эми электр кубатына жана жылуулакка баалардын көтөрүлүшү –энергетика тармагын бийлик башындагылар коррупция аркылуу менчиктештирип алганынын далили, деп белгилейт Бакыт Бешимов. Маектин толук тексти менен "Азаттыктын" орусча версиясынан таанышасыздар:
http://www.azattyk.kg/content/Kyrgyzstan_opposition_Beshimov/1879976.html

XS
SM
MD
LG