Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:17

Социал-демократтар фракциясы бааларды талкуулайт


Парламенттеги социал-демократтар фракциясы энергетикага баалардын жогорулашы боюнча маселени талкууга алмакчы. Фракциядан “Азаттыкка” кабарлашкандай эртең боло турган жыйынга КР энергетика министри И. Давыдов менен социалдык камсыздоо боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Назгүл Ташпаева чакырылган. Социал-демократчы депутаттар баалардын көтөрүлүшүнө байланыштуу элге көрсөтүлүүчү социалдык жардамдар тууралуу да кеңири маалымат алууну көздөшүүдө. Жыйынга булардан тышкары энергетика адистери, жарандык коом өкүлдөрү да катышары күтүлүүдө.

Белгилүү болгондой кыргыз өкмөтү жаңы жылдан тартып электр энергиясы үчүн бааны эки эсеге, ысык суу менен жылуулуктун баасын беш эсеге кымбаттатуу тууралуу чечим кабыл алган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG