Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:19

Чехословакиядагы “баркыт ыңкылабына” 20 жыл толду


Бүгүн майрам Чехияда жана Словакияда белгиленип жатат. 1989-жылдын дал ушул күнү Прагада полиция студенттердин тынч митингин таркаткан. Бул акыр аягында Чехословакиядагы коммунисттик режимди кулаткан массалык демонстрацияларга алып келди. Бир жылдан кийин, 1990-жылы, өлкөдө акыркы 40 жылдан берки алгачкы демократиялык шайлоо өтөт. Ал эми үч жылдан соң Чехословакия эки башка эгемен мамлекетке бөлүнүп кеткен.

XS
SM
MD
LG