Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:56

Жалал-Абадда үйсүздөрдүн талабы аткарылган жок


Шаарда жок болгон канаттуулар фабрикасынын аймагында турак-жай курган кишилер аны өзүмдүк кыла албай убара. «Жаңы конушчулар» бирикмесинин башчысы Базарбай Кадыровдун ырасташынча, жергиликтүү бийлик мурда көрүнгөн батирде жашаган көп бүлөлүү кишилердин арыздарын канааттандыра элек. Үйсүз адамдар эми кайрадан президентке кайрылышмакчы. Ишкердин көрсөтмөсү менен анын менчигиндеги жерлерди төрт жыл мурда ээлеген 300 кишинин тең жарымы үйлөрүн бүтүрүп алган. Жалал-Абад шаар мэриясы көпчүлүгү шаарда катталбаган адамдар жерди туура эмес алышканын жана канаттуулар фабрикасынын аймагы көп жылдан бери жер кезегинде турган шаар тургундарына берилерин билдирди. (YA )

XS
SM
MD
LG