Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:39

ЖАМУнун мурдагы ректору кызматын сотто утуп алды


Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мурдагы ректору Абдимамат Аширалиев кызмат ордуна кайтып барат. Мындай чечимди Аширалиевдин арызынын негизинде Биринчи май райондук соту чыгарып, аны Жогорку Сот күчүндө калтырды. Сот чечимине ылайык Билим берүү министрлиги ректордун 169 миң сом өлчөмүндөгү бир жылдык эмгек маянасын кайтарып бермей болду.
Министрликтин коллегиясы былтыр Аширалиевди ЖОЖдорго кабыл алуу эрежелерин одоно бузду деген негиз менен бошоткон. Аширалиевдин ордуна ЖАМУнун ректорлугуна Ташмамат Кененсариев дайындалган. (BuS)

XS
SM
MD
LG