Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:17

Бүгүн "Ата мекен" Консотко кайрылат


“Ата Мекен” саясий партиясы бүгүн Конституциялык сотко кайрылып, “Өкмөттүн структурасы жөнүндөгү” мыйзамды жана аны ишке ашыруу жөнүндөгү президенттин жардыгын жокко чыгарууну сурайт. Оппозициялык партия президент Курманбек Бакиевге башкаруу реформасын одоно мыйзам бузуу аркылуу жүргүзүп, жеке бийликти күчөттү деген доомат коюуда. Муну президенттик администрацияны, мамлекеттик катчыны, коопсуздук кеңешинин катчылыгын жоюп, президенттик институттарды түзүшү менен негиздөөдө. Президенттин тарапкерлери тескерисинче Бакиевдин кадамын конституциялык укугу жана жоопкерчиликти өзүнө алуу аракети деп баалап жатышат. (BuS)

XS
SM
MD
LG