Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

Алайда кытайларды тоногон деп шектелгендер кармалды


Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын бүгүнкү кабарлоосуна караганда, 16-ноябрда Алай жана Өзгөн районунун алты тургуну кармалды. Алар 11-ноябрда Ош-Эркечтам жолундагы Чыйырчык ашуусунда автобусту токтотуп, андагы кытай жарандарын тоногон деп шектелүүдө. 11-ноябрдагы окуяда 12 кытай жаранынан 3810 доллар, 56 200 сом, 260 юань, телефон жана башка нерселер зордук менен алынган. Каракчылар мерседес үлгүсүндөгү эки жеңил унаада болушкан. Кармалгандардан далилдөөчү буюмдар алынып, тергөө иштери жүрүүдө.(AiT)

XS
SM
MD
LG