Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:37

И.Исаковго байланыштуу сот 30-ноябрда уланат


Бүгүн Бишкек гарнизондук сотунда оппозиция лидерлеринин бири, мурунку коргоо министри Исмаил Исаковго байланыштуу соттук териштирүү улантылып, анда сотко берилген документтердин чындыгы такталды. Тактоо учурунда Балыкчы аскердик бөлүгүндө жоголгон техникалардын баалоо боюнча “Аль стар” фирмасына Коргоо министрлиги кайрылбаганы, бул ишти министрликтин атынан Башкы прокуратура жасаганы айкын болду. Коргоо министрлигинин курал –жарактар боюнча башкы башкармалыгынын башчысы полковник Таалай Сатыбалдиев “Аль стар” фирмасы эскиликке чыгарылган техникалардын баасын өтө ашырып жибергенин, ал эмес Коргоо министрлигинин буюмдарын баалоону мамлекеттик органдар гана жүргүзөөрүн билдирген.
30-ноябрда улана турган соттук жараянда эми айыптоочу жана коргоочу тараптарга сөз бериле баштайт.(AiT)

XS
SM
MD
LG