ИСНА маалымат агенттиги тышкы иштер министри Манучер Моттакиге шилтеме жасап кабарлагандай, Тегеран суюк отунду жергиликтүү ишканаларда өндүрүү мүмкүнчүлүгүн караштырууда. Эларалык арачылардын сунушуна ылайык, Иран төмөн байытылган урандын 75 процентин Франция жана Орусияга жөнөтмөк. Ал жерлерде байытылган уран медициналык максаттарда пайдалануу үчүн Иранга кайтарылып турмак. Батыш Тегеран тымызын түрдө атомдук куралдын үстүнөн иштеп жатат деп шектенүүдө. Иран болсо аны четке кагууда.