АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Хамид Карзайдын кызматка киришүү аземине катышуу үчүн Кабулга барды. Аземге АКШ, Европа жана башка өлкөлөрдөн жогорку даражалуу өкүлдөр катышмакчы. Бейшембиде Карзай ант берип, экинчи президенттик мөөнөтүнө расмий киришмекчи. Добуш берүү бурмалоо чатагы менен коштолгон. Ооган баш калаасында коопсуздук чаралары күчөтүлдү.