Өлкөнүн тышкы иштер министри Манучехр Моттаки бирок Тегеран өлкөнүн ичинде ядролук отун алмашууну караштырып көрүүгө даяр экендигин бышыктады. МАГАТЭнин арачылыгы менен даярдалган планда Ирандагы аз байытылган урандын 75 пайызын Орусияга жана Францияга жиберип, аны Ирандын медициналык изилдөө реактору үчүн отунга айландыруу каралган.