Бул тууралуу Москвадагы укук коргоочу Мемориал уюмунун Борбор Азия боюнча баш өкүлү Виталий Понамарев маалымдады. Анын "Азаттыкка" билдиришинче, Кыргызстанда мусулмандардын куугунтукталышы боюнча маалымат чогултуп жүргөн Хамроевдин соңку маалыматтары Кыргызстанда мусулмандардын укуктары одоно бузулуп жаткандыгын көрсөткөн:
- Хамроевдин айланасындагы окуялар, Кыргызстандын Мамлекеттик Коопсуздук комитетинин токтобогон коркутуулары жана ал Москвага жиберген маалыматтардын менин колума тийгендерин карап көрсөк, Кыргызстанда биринчи кезекте мусулмандардын адам укуктарынын массалык жана өтө одоно бузулуп жаткандыгына күбө болобуз.
"Мемориалдын" кызматкери, Орусиянын жараны Бахром Хамроев аңдуулар, коркутуулардан кийин Жалал-Абаддан Ошко 17-ноябрь күнү кайтып келген, 18инде аны коопсуздук кызматкерлери кармап кеткендиги маалым болду. Укук коргоочу Кыргызстанга 10-ноябрда келген.