Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Орусиялык укук коргоочу Хамроев Ошто кармалды


Кыргызстандын Коопсуздук комитетинин кызматкерлери 18-ноябрда кечинде “Мемориал” укук борборунун мүчөсү Бахром Хамроевди жергиликтүү укук коргоочу Иззатилла Рахматиллаев менен чогуу кармап, жергиликтүү укук коргоочунун үйү тинтүүгө алынган. Бул тууралуу аталган уюм маалымат таратты. “Азаттыктын” Оштогу кабарчысы укук коргоочулар кандай шартта, кайсы жерде кармалгандыгы жана алар кайда жайгаштырылгандыгы тууралуу азырынча маалымат жок экендигин билдирди.
Хамроев Борбор Азиядагы саясий эмигранттар коомун жетектейт, 1992-жылдан бери Москвада жашайт, Орусиянын атуулу. Ал Кыргызстанга диний багытта куугунтукталып жаткандар жөнүндө маалымат топтоо үчүн 10-ноябрда келген.
Уюмдун маалыматында коопсуздук кызматкерлери алгачкы күндөн тарта эле укук коргоочунун артынан түшүп, натыйжада ал 13-ноябрда Ноокаттан, 17-ноябрда Жалал-Абаддан кеткен. Кыргызстандык коопсуздук комитети бул окуяны тастыктай элек. “Мемориал” уюмунун башчысы Виталий Пономарев кол коюп тараткан маалыматта бул көрүнүш “ислам экстремизмине” каршы күрөшкө байлаган Кыргызстандагы кооптуу жагдай катары бааланган. (BuS)

XS
SM
MD
LG