Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:40

ЖК тамеки жарнагына тыюу салды


Бүгүн Жогорку Кеңеште тамеки чегүүгө байланыштуу эки мыйзам долбоору каралды. “Кыргыз жарандарынын ден-соолугун тамекинин зыянан коргоо жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөрүүгө ылайык мамлекеттик мекемелерде, көп кабаттуу турак үйлөрдүн далисинде тамеки чегүүгө тыюу салынат. “Жарнак жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө ылайык, маалымат каражаттарында тамекини рекламалоого тыюу салынат. Мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү зарылдыгы тууралуу депутаттарга саламаттык сактоо министри Марат Мамбетов маалымат берип, мындай чектөөлөрдүн натыйжасында кээ бир өлкөлөрдө тамеки чегүү 25% чейин кыскарып жатканын билдирди. Депутаттар өзгөрүүлөрдү колдоп добушун берип, ошол эле учурда калк ичинде тамекинин зыяндуулугун түшүндүрүү иштерин да күчөтүш керектигин белгилешти.(AiT)

XS
SM
MD
LG