Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Б.Хамроев Кыргызстандан чыгып кетти


Оштогу “Мыйзам жана тартип” укук коргоо уюмунун лидери Изатилла Рахматиллаевдин “Азаттыка” билдирүүсүнө караганда, 18-ноябрда Ошто УКМКа тарабынан кармалган оруссиялык “Мемориал” уюмунун өкүлү Бахром Хамроев 19-ноябрда эрте менен Кыргызстандан чыгып кетти. “Мемориал” уюмунун жетекчиси Виталий Пономаревдун билдирүүсүнө караганда, Хамроев 19-ноябрда эрте менен Ош-Москва учагына салынып, Россияга депортацияланды. Бирок анын фотоаппараты жана телефону УКМКнын Оштогу бөлүмүндө калып кеткен. УКМКнын маалымат кызматы Б.Хамроев боюнча эч кандай маалымат бере албасын билдирүүдө.(AiT)

XS
SM
MD
LG