Бул туурасында Кыргызстандагы балдар жакырчылыгы боюнча Улуттук изилдөөдө айтылган. Изилдөө ЮНИСЕФтин колдоосу менен Президенттин алдындагы стратегиялык анализ жана баалоо борбору, Улуттук статистикалык комитет жана CASE-Кыргызстан социалдык-экономикалык борбору тарабынан жасалган. Изилдөөлөргө караганда, өлкөдө кедейчиликти жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар балдар жакырчылыгын кыскартууга жардам бере албай жатат. Аталган документ БУУнун балдар укугу боюнча конвенциясынын 20 жылдыгын белгилөөнүн алкагында эртең БУУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүндө коомчулукка жарыяланат. Иш чарага өкмөт мүчөлөрү, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат.(AzK)