Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:08

А.Жекшенкуловго байланыштуу сот болду


Бүгүн Биринчи май райондук сотунда мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловго байланыштуу соттук териштирүү улантылып, анда Эсеп палатасынын өкүлдөрү көрсөтмө берди. Алар ТИМдин имараты мыйзам чегинде оңдолгонун, болгону ШКУнун саммитине даярдык көрүүгө шашкандыктан гана Кытай грантын пайдалануу боюнча тендер өтөрүлбөй калганын белгилешти. Өкүлдөр ошондой эле грантты пайдаланууда эч кандай уурдоолор болбогонун аташты. Белгилүү болгондой Жекшенкуловдун сыйлыкка алган тапанчасы менен Таласта түрк ишкери атып өлтүрүлгөн жана ТИМдин имаратын оңдоодо Кытай гранты туура эмес пайдаланылган деп айыпталууда. Кылмыш иштер Жекшенкулов оппозиция катарына өткөндөн кийин козголгон. Азыркы мезгилде Жекшенкулов сот жараяны жана саясий окуялар боюнча пикирин билдирүүдөн баш тартып келет. Кезектеги соттук териштирүү 26-ноябрда болот. (AiT)

XS
SM
MD
LG