Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:56

В. Пономарев: Хамроевдин аракетинде укук бузуу жок


Бул туурасында “Азаттыкка” “Мемориал” укук коргоо уюмунун башчысы Виталий Пономарев билдирди. Анын айтымында, Бахром Хамроев Кыргызстанга Ноокат окуясынан кийин диний көз караштагы адамдарга болгон куугунтуктоолор туурасында маалымат чогултуу үчүн барган. Ал куугунтукка кабылгандардын туугандары менен жолугуп, акыркы мезгилдеги түштүктө болгон сот процесстерине кызыгып жүргөн.

“Кыргызстанга кетип бара жатканда анын сумкасында тыйуу салынган документтер болгон эмес, ал Кыргызстандын Акыйкатчысынын алдындагы комиссиянын Ноокат окуясы боюнча баянынын көчүрмөсүн алып бара жаткан. Ал эми изилдөө максаты менен материалдарды чогултуу - кылмыш же кандайдыр бир укук бузуу катары эсептелебейт”,- деп кошумчалады Виталий Пономарев.

Кечээ Ош шаарында Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан кармалган орусиялык “Мемориал” уюмунун өкүлү Бахром Хамроев 19-ноябрда эртең менен Кыргызстандан учак аркылуу Москвага жөнөтүлгөн. Азырынча укук коргоочунун кармалышы боюнча УКМК эч кандай маалымат бере албастыгын билдирди.(AzK)

XS
SM
MD
LG