Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Ооганстанда Хамид Карзай президенттик ант берди


Карзай экинчи беш жылдык бийлик мөөнөтүнө киришүү аземинде ооган армиясы өлкөдөгү бейпилдик үчүн жоопкерчиликти беш жыл ичинде өз мойнуна алат деп убада кылды. Ошондой эле өзү башкарган өкмөт мүчөлөрү иш билги, кесипкөй, элге кызмат кылган адамдар болот деп ишендирди. Анын ант берүү аземине жүздөгөн уруу башчылары, ырасми адамдар жана чет элдик коноктор катышты. Алардын арасында АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон жана Пакистандын президенти Асиф Али Зардари болду.

XS
SM
MD
LG