Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:36

КМУ «Европалык сапат» эл аралык сыйлыгына көрсөтүлдү


И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университети Рынокту изилдөө борбору тарабынан Европалык Бизнес Ассамблеясынын европалык стандартка жооп берген билим берүүнүн сапатына жетишүүгө аракет кылгандыгы үчүн «Европалык сапат» деген сыйлыкка көрсөтүлдү.
КМУнун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Европалык бизнес Ассамблеясынын Эл аралык сыйлыгы менен көрүнүктүү саясий жана коомдук ишмерлер, бизнестин өкүлдөрү, илим жана маданиятка сиңирген профессионалдык эмгеги жана заманбап дүйнөнүн интеллектуалдык өнүгүүсүнө жеке салым кошкон инсандар сыйланат. Европалык бизнестин Ассамблеясынын бардык сыйлыктары Улуу Британияда каттоого алынган. Сыйлыктын атрибуттары көрүнүктүү англис ювелири Альфреда Виньецконун Лондондогу чыгармачылык ишканасында даярдалган.
Европалык Бизнес Ассамблеясынын эл аралык сыйлыктарынын лауреаттарынын урматына өткөрүлө турган иш ­чара Австриянын Вена шаарында Паллавичин крон­принц сарайында 11­-12- ­декабрда болот.
Бул жолугушуунун уюштуруучулары Европалык бизнес Ассамблеясы, эл аралык Вена университети жана Европалык ректорлор клубу.

XS
SM
MD
LG