2010-жылы электрге жана жылуулукка тарифтердин көтөрүлүшүнө байланыштуу бишкектиктерге мамлекет тарабынан жардамга 500 млн. сом бөлүнөт. Бул тууралуу мэр Нариман Түлеев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, жалпы жонунан 11 категориядагы жеңилдиктер берилүүчү жана жардамга муктаж адамдардын саны 18 миңге чукул. Учурда Бишкек мэриясы 12 миллион сом өлчөмүндө 3 миң 200 үй-бүлөгө таш көмүр алып берип, 221 үй-бүлөгө газ төлөмдөрү менен камсыз кылган. Шаар башчы 12-ноябрда Өкмөттүн кеңейтилген кеңешмесинде электр кубатына жана жылуулукка бааны кымбаттатуу тууралу чечим кабыл алууда каршы чыгып, баалардын кымбатташынын тийгизүүчү терс жактарын айтып, жүйөөлүү себептерди мисал келтирген. “Акыркы жумада өкмөт менен биргеликте эсеп-кысаптарды тактап чоң иш бүткөрүлдү. Тарифтердин кымбатташына карата биз сунуштаган эсепти президент менен өкмөт колдоп 500 миллион сом жардам бере турган болду”,-деди Түлеев. (AJ)