Бишкек шаарынын башчысы Нариман Түлеев Ататүрк сейил багында курулган турак жайлардын ээлери соттон шаар башчылыгы кабыл албаган 412-делген токтомго негизденип утуп алышканын белгиледи. Жаңы ачылган жагдайларга деп ачылган соттук териштирүүдө сейил бактын ичине үй салгандарга уруксат берген токтомду шаар башчылыгы кабыл алган эмес. Шаардагы жок токтомго таянып эки жүзгө жакын адам жер ээлигинин кызыл китебин алышка үлгүргөн. Нариман Түлеев жер маселеси боюнча кызыл кулактык кылгандарга каршы кылмыш иши козголгонун маалымдады. (AJ)