Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:42

Жаш укук коргоочулар өкмөт үйүнүн алдында акция уюуштурушту


Жаштардын укук коргоо желеси өлүм жазасын кайра киргизүү маселесине каршылык билдирип өкмөт үйүнүн алдында бүгүн акция уюштурду. Бул тууралуу жаш укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында акция катышуучулары «Биз жашоо укугу үчүн » жазуусу бар баракчалары менен Ак үйдүн алдына чыгып, өлүм жазасын кайра киргизүү демилгесине каршы маанайын билдиришти. Болгону он мүнөткө созулган акция учурунда милиция кызматкерлери келип укук коргоочуларга эскертүү берүүгө жетишишкен. Иш-чарага «Мен ишенбейм» жаштар кыймылынын өкүлдөрү жана Акыйкатчы алдындагы укук коргоочулар кеңешинен өкүлдөрү катышкан. (EK)

XS
SM
MD
LG