Бул тууралуу Америка кошмо штаттарында жүргөн белгилүү саясатчы Бакыт Бешимов “Азаттыкка” электрондук почтасы аркылуу жолдогон катта билдирди. Анын айтымында, 18-ноябрда АКШнын конгрессинде Борбор Азия боюнча кеңешме болуп, анда Борбор Азиядагы энергетикалык ресурстар, саясий абал, Ооганстандагы кырдаал кызуу талкууланган. Адисттер Борбор Азияда авторитардык режимдин сакталышы элдин өнүгүүсүнө тоскоолдук кылып, террорчулук менен диний экстремизмге түрткү болуп жатканын белгилешкен. АКШнын мамлекеттик департаменти Борбор Азиядагы ар бир мамлекетте саясат, коопсуздук, маң заттарына жана террорчулукка каршы күрөшүү, мыйзамдын үстөмдүк кылуусу, адам укуктары, жарандык уюмдарга мамиле, экономикалык өнүгүүлөр жөнүндө жылыга эки тараптуу консультацияларды күчөтүүнү ниеттенүүдө, деп жазылган катта. (AJ)