Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:53

Евробиримдиктеги жаңы дайындоолор ар кыл бааланууда


Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн лидерлери Брюсселдеги кечээги жыйынында анча белгисиз саясатчыларды уюмдун жаңы түзүлгөн эки башкы кызматына шайлашкан эле. Атап айтканда Бельгиянын премьер министри Херман Ван Ромпөй Биримдиктин биринчи президенттигине, ал эми буга чейин Биримдикте соода коммиссары болгон, өзү британиялык Кэтрин Эштон тышкы иштер министрлигине дайындалды.

Бул дайындоолорду комментарийлеп, Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэл Баррозо Биримдиктин жетекчилиги үчүн “мындан жакшыраак тандоого токтолуу мүмкүн болбогонун” белгиледи. Немис канцлери Ангела Меркел жаңы дайындоолор мунаса чечим экендигине токтолду:

- Бул мунаса чечим жана ал Европада мен үчүн өтө маанилүү принципти орнотту. Түрлүү пикирлерди жана көз караштарды эске алганда, мунаса издөө акыр аягында илгери жылдыруучу күч болду.

Ал эми британ премьери Гордон Браун мекендеши Кэтрин Эштондун Евробиримдиктин тышкы иштер министрлигине дайындалуусун Британияга карата дурус мамиленин белгиси катары баалады. Француз президенти Николя Саркози президенттикке келген Херман Ван Ромпөйдү “чечкиндүү” инсан ирээтинде мүнөздөдү.

XS
SM
MD
LG