Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:20

Өлүм жазасын киргизүүгө каршы акциялар улантылат


Бул туурасында “Мен ишенбейм” жаштар кыймылынын мүчөсү Гүлшайыр Абдирасулова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында Орусия өлүм жазасын кабыл албай койду. Ошондуктан жаштар Кыргызстандын депутаттары тарабынан да бул маселе кайра дыкаттык менен караларына жана өлүм жазасы кабыл алынбасына үмүт артаарын билдирүүдө. Кечээ Жаштар укук коргоо тармагы өкмөт үйүнүн алдына өлүм жазасынын киргизилишине каршы “Биз жашоо укугу үчүн ” аттуу акция уюштурушкан. Алар кыргызстандыктарды өлүм жазасын киргизүүгө каршы турууга чакырышкан. Акция учурунда милиция кызматкерлери келип, акция митингдерди өткөрүү жайы Темир жол сейил багына которулганын айтып, аларга “кетип калгыла” деп эскертүү беришкен.

XS
SM
MD
LG