Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:21

Орус патриархы динаятчынын өлүмү боюнча тыянак чыгарганга шашпоого чакырды


Бейшембиде түнкүсүн бетин чүмбөттөп алган белгисиз бирөө Москвада Даниил Сысоев деген динаятчыны атып кеткен, дагы адам жаракат алган. Тергөөчүлөр ал диний ишмердүүлүгү үчүн өлтүрүлгөнүн айтышат. Анткени буга чейин Сысоев мусулмандарды христиан динине кабыл алдырганы үчүн коркутуп-үркүткөн каттарды алганын айткан эле. Орусиядагы муфтийлер кеңешинин башчысы Равил Гайнутдин ал окуяны катуу айыптады. Орусияда 20 миңдей мусулман жашайт. Өлкөнүн православ чиркөөсүнүн көсөмү Кирилл болсо бул боюнча тыянак чыгарганга шашпоого чакырды.

XS
SM
MD
LG