Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча институту (IWPR) уюшутуруп аткан талкуу “Укук коргоо жаатындагы интернеттик демилгелер жана Борбор Азиядагы онлайн журналистика” деп аталып, 24-ноябрда Бишкекте өтмөкчү. Европа комиссиясынын каржылоосу астында өтүп аткан тегерек үстөлгө Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандан келген өкүлдөр, адистер өз ара маалымат алмашып, Борбор Азия аймагындагы интернеттеги сөз эркиндигинин абалын талкуулашат.
Жыйындын негизги максаты – Борбор Азиядагы мамлекеттердин өкмөттөрүнө, медиа бирикмелерге жана жарандык коомчулукка интернеттеги маалымат ресурстарынын таасирин жогорулатуу жаатында кеп-кеңештерди даярдоо болмокчу. (IJz)