Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:04

Жогорку Сот Э.Бөлөкбаевге байланыштуу ишти карайт


24-ноябрда “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевдин ишин кароо боюнча Башкы прокуратуранын аппеляциялык арызын Жогорку Сот карамакчы. Бул тууралуу “Жашылдар” партиясынын маалымат кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура Э.Бөлөкбаевге каршы “карикатуралар” боюнча козголгон кылмыш иши өзүнчө каралышы керектигин талап кылууда. Буга чейин Бишкек шаардык соту президенттке байланыштуу “карикатуралар” жана Петровка окуясы боюнча козголгон кылмыш иштерин бириктирип кароо боюнча чечим чыгарган эле. Бирок Башкы прокуратура “карикатура” ишин өзүнчө кароону талап кылууда.
“Карикатуралар” боюнча кылмыш иши “Жашылдар” партиясынын кеңсесинен президентке байланыштуу карикатуралар табылган соң козголгон. Ал эми Петровка айылындагы жаңжалга байланыштуу кылмыш иши, ал айылдын кыргыз жана орус улутундагы тургундары жергиликтүү күрт улутундагыларды айылдан чыгып кетүүлөрүн талап кылып, ортодо тополоң чыккан соң козголгон. Ал тополоңду уюштурган деген шек менен “Жашылдар” партиясынын жетекчиси Э.Бөлөкбаев, “Болуш” ассоциациясынын жетекчиси Сапар Аргынбаев жана укук коргоочу Уран Рыскуловдор кармалган эле. (IJz)

XS
SM
MD
LG