Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Иран: Мусави оппозицияны куугунтуктоо чараларын сындады


Ирандагы оппозициялык күчтөрдүн лидери Мирхусейн Мусави “Өкмөт адамдарды коркутуп-үркүткөнүн токтотушу зарыл” деп билдирди.
Оппозиция лидери, мурдагы президенттикке талапкер Мусави мырза өзүнүн интернеттеги күндөлүк баракчасында жарыялаган билдирүүсүндө: “Адамдарды саясий көз-карашы үчүн камап, коркутушса да, оппозиция өз ишениминен кайтпайт”, - деп айтты.
Ал аралыкта ирандык бийликтер 12-июндагы президенттик шайлоодон кийинки демонстрацияларга катышкандарга каршы жазалоо аракеттерин улантышууда. Кечээ (21-ноябрда) “шайлоодон кийинки тополоңго катышкан” деген айып менен өлкөнүн мурдагы вице-президенти Мухаммад Али Абтахи алты жылга камалганы кабарланган.
Жалпысынан, 80ден ашуун киши 15 жылга чейинки ар кыл абактык мөөнөткө кесилди, 5 кишиге өлүм жазасы өкүм кылынды. Иран оппозициясы бул сот жараяндарын элди коркутуп-үркүтүү максатында жасалган шоу катары айыптады.

XS
SM
MD
LG