Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:53

Ажыга кеткендердин төртөө «чочко тумоосунан» каза болду


Сауд Арабстан бийлигинин 21-ноябрда кабардашынча, ыйык зыяратка – ажылыкка Мекеге сапарга чыккандардын ичинен төрт киши «чочко тумоосунун» айынан каза болду. Алардын үчөө - Судан, Индия жана Мароккодон келген 75теги карыялар, ал эми бирөө - Нигериядан келген 17 жашар улан.
Ажылык жөрөлгөлөрү алдыдагы аптанын шаршемби күнү башталмакчы. Жыл сайын болжол менен 3 миллиондой киши ажылык зыяратка катышат, алардын дээрлик 2 миллиондою – чет өлкөлөрдөн келет.
Кыргызстандан да 4 миңден ашуун зыяратчы Мекеге сапарга чыккан. Түркмөнстандын расмий бийлиги быйыл «чочко тумоосуна» байланыштуу өз мусулман атуулдарын ажылыкка жиберген эмес, бирок башка өлкөлөрдө сапарда жүргөн түркмөндөр ажылыкка өз алдынча виза алып барышы ыктымал.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү ажылык сыяктуу эл котолоп жыйылган зыярат жана башка жөрөлгөлөр учурунда жугуштуу тумоолордон кишилер көбүрөөк жабыр тартпаса экен деген санааркоосун билдирген.

XS
SM
MD
LG