Шейшембиде Бишкектеги “Достук” мейманканасынын жыйындар залында “Конституциялык жашоого укугу бар. Түрмөлөрдөгү абал” деген аталыштагы форум болот. Анда Кыргызстандагы абактардагы абал, өлүм жазасын киргизүүнү кайрадан көтөрүп жаткан депутаттардын пикирлери талкууга алынат. Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, Адилет министрлигинин, Акыйкатчы институтунун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылды. Бул иш чараны “Жарандар коррупцияга каршы” уюму менен Алма-Атадагы “Түрмөлөрдү реформа кылуу” эл аралык уюму уюштурууда деп билдирди “Азаттыкка” укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова. (AJ)