Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:31

Азери –армян сүйлөшүүсүндө олуттуу жылыш бар


Бул тууралуу ортомчулар билдиришүүдө. Эки өлкөнүн президенттери Ильхам Алиев менен Серж Саркисян Тоолуу - Карабах чатагы боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасын кечээ Мюнхен шаарында өткөрүштү. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Азербайжан менен Арменияга ортомчулук кылып келе жаткан Минск тобундагы франциялык өкүл Бернар Фасьер кечээги сүйлөшүүлөрдөн соң президенттер “олутуу жылыш” жасаганын белгилөө менен буларды айтты:

-Албетте, ошол эле учурда сүйлөшүүлөр президенттерге жана бизге али чечүүнү талап кылган маселелерди аныктоого мүмкүндүк берди. Бирок эң маанилүүсү, биз ошол проблемаларды чечүүгө нускоо алдык.

Мюнхендеги жолугушуу алдында азери президенти Ильхам Алиев Азербайжан аскерлери, эгер сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаса, Тоолуу –Карабахты кайтаруу үчүн күч колдонууга даяр экенин эскерткен. Бирок ортомчу Бернар Фасьер белгилегендей, алар эки президентке согуш талашты чечүүчү жол эмес экендигин айтышкан. Калк жагынан армяндар үстөмдүк кылган Тоолуу - Карабах Азербайжандан 1990-жылдардын башындагы согуштан кийин ажырап кеткен. Бул аймактын саясий келечеги боюнча андан бери армяндар менен азербайжандар эки башка көз карашты карманып келүүдө.

XS
SM
MD
LG