Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:47

Өзбекстанда парламенттик шайлоого 517 талапкер катталды


Бул тууралуу Өзбекстандын мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлады. Ага караганда, Борбордук шайлоо комиссиясы 27-декабрда парламенттин төмөнкү палатасына өтүүчү шайлоо үчүн 517 талапкерди каттаган. Өзбек мыйзамдарына ылайык, талапкерлер өлкөдө расмий каттоодон өткөн төрт партиянын гана өкүлү болушу керек. БШКнын маалыматы боюнча катталган талапкерлердин 31,9%ы аялдар. Өзбек парламентинин төмөнкү палатасында 150 орун бар. Анын 135нин ээлери шайлоонун натыйжасында аныкталат, калган 15 оруну Өзбекстандын Экологиялык кыймылына берилет. Талапкерлердин тизмеси ушул апта ичи мамлекеттик гезиттерде жарыяланууга тийиш.

XS
SM
MD
LG