Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:20

Бишкекте эркин жыйналуу маселеси талкууланат


Жарандардын эркин жыйналуу укугуна байланыштуу жыйын 1-декабрда Бишкекте болот. Бул тууралуу “Кылым шамы” уюмунун лидери Азиза Абдырасулова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, талкууга бийлик, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышат. Белгилүү болгондой, жарандардын эркин жыйналуу укуктарын чектеген мыйзам долбоорун парламент кабыл алган. Ал жарандык коом тарабынан сынга алынган. Өз кезегинде президент мыйзамга өзгөртүү жана кошумча киргизүүнү өкмөт башчы Игорь Чудиновго тапшырган эле. Чудинов башында турган топ жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Талкууда мына ошол долбоор талкууга алынат.(AiT)

XS
SM
MD
LG