Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:32

Бишкекте мектептер бир жумага жабылды


Борбор шаардагы орто мектептер 23-ноябрдан 30-ноябрга чейин карантинге жабылды. Мындай чечим окуучулар жана мугалимдер ичинде суук тийип оорулардын күчөшүнө байланыштуу Бишкек мэриясы тарабынан абыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Айрым маалыматтарга караганда, суук түшкөндөн эки жумадан кийин, 10-ноябрдан тарта гана Бишкекте жылуулуктун бериле башташы мектеп окуучуларына суук тийип, көпчүлүк балдардын сабактарга келбей калышына алып келди. Маселен, борбордогу бир орто мектептин классында 33 окуучусу болсо, алардын 11и гана окууга келип жаткан. Белгилүү болгондой, Кыргызстанда суук октябрь айынын аягында түшүп калган эле.(AiT)

XS
SM
MD
LG