АКШ апийим өндүрүүнү жоюу же кыскартуу аракеттери үчүн Ооган вилайеттерине 40 миллионго жакын доллар бөлүп бермей болду. Кабулда дүйшөмбүдө кол коюлган келишимге ылайык, каражат 27 чөлкөмдө башка айыл чарба продукциясын өндүрүүгө жумшалмакчы. Дүйнөдөгү апиймдин эң ири өндүрүүчүсү болгон Ооганстанды АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон "наркомамлекет" деп атаган. Маңзаттары менен күрөш Батыштын стабилдештирүү программасынын негизги бөлүгүн түзөт.