Өткөн айдын соңунда Балыкчы окуясы боюнча айыпталуучулар менен алардын адвокаттары Балыкчы шаардык сотунун судьясы Болот Дүйшөмбиевге ишеним көрсөтпөө боюнча өтүнүч менен Ысык-Көл облустук сотуна кайрылышып, соттук териштирүү убактылуу токтотулган. Облсот алардын өтүнүчүн четке каккан чечимин чыгарган. 7-ноябрда жактоочу Азимбек Бекназаров облустук соттун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылган. Адвокаттар бул маселени Жогорку Сот карамайынча сот жараянынын болушу мыйзамсыз дешүүдө. Президенттик шайлоодо Балыкчыда баш аламандык уюштурган, бийликти күч менен басып алууга аракет кылган делип шектелип он алты адам айыпталууда. Алардын ону төрт айдан бери камакта. (AJ)