Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

Балыкчыда сот башталды


Адвокат Азимбек Бекназаровдун билдирүүсүнө караганда, соттук жараяндын башталышында ал судья Болот Дүйшөмбиевге ишеним көрсөтпөө боюнча апелляциялык арызды Жогорку Сот караганга чейин сот жараянын өткөрүү мыйзамсыз экенин айтып, эгерде сот болсо ал кайсы мыйзам негизинде уланарын тактап берүүнү өтүндү. Мына ошондон кийин судья Болот Дүйшөмбиев танапис жарыялап, мына ошондон кийин жооп берилерин билдирди.

Белгилүү болгондой, Балыкчы окуясы боюнча айыпталуучулар жана адвокаттар судья Дүйшөмбиевге ишеним көрсөтпөй турганын билдиришкен. Бирок Ысык-Көл облустук соту арызды канааттандыруудан баш тарткан. Адвокаттар Жогорку Сотко арыз менен кайрылышкан. Бирок арыз Жогорку Сотто каралганга чейин эле Балыкчы шаардык соту ишти кароону уланта баштады.(AiT)

XS
SM
MD
LG